Коом

Милиция Сокулукта «беткапчан адамдар колумду кесип кетти» деген баланын видеосу боюнча маалымат берди 

Мессенжерлерде тестиердин колун ороп алып беткапчан кишилер келип тапанча такап, колун кескенин айтып берген видеосу тараган. 

Милиция арыз түшкөндөн кийин бул ишти текшерип, жыйынтыгында окуя таптакыр башкача болгонун тактаган. 

Чынында 11 жаштагы бала камыш аралап ойноп жатып, кайчы менен камышты кесип жатканда колун да кесип алган. Кан токтобогондуктан үйүнө келип, апасынан коркконунан «беткапчан адамдар колумду кесип кетишти» деп калп айтып койгон. 

Апасы бул маалыматты тастыктап, эч кимге дооматы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартты.

Тектеш кабарлар

Back to top button