Чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында болуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Тышкы иштер министрлиги Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы №855 токтому күчүнө киргенин билдирди. Аталган токтом менен чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди.
Документ миграциялык процесстерди оптималдаштырууга, чет өлкөлүк жарандардын болуу шарттарынын ачыктыгын жогорулатууга жана улуттук мыйзамдарды мамлекеттик миграциялык саясаттын приоритеттерине ылайыкташтырууга багытталган.
Өзгөртүүлөргө ылайык, айрым чет өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга визасыз тартипте кирип, уруксат кагаздарын тариздебестен, өлкөгө кирген күндөн тартып ар бир 60 күндүк мезгил ичинде жалпысы 30 календардык күнгө чейин жүрө алышат.
Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө же тиешелүү документтерди — виза, жашоого уруксат, убактылуу болууга уруксат жана мыйзамдарда каралган башка уруксат кагаздарын тариздөөгө милдеттүү.
Ошол эле учурда, өзгөртүүлөр кирүү жана болуу боюнча башка шарттарды караган эл аралык келишимдерге тиешеси жок. Мындан тышкары, эмгек, билим берүү же атайын уруксаттарды талап кылган башка ишмердүүлүк максатында кирген адамдарга бул тартип колдонулбайт.
ТИМ чет өлкөлүк жарандарды жана кабыл алуучу тараптарды сапарларды пландаштырууда жаңы эрежелерди эске алууга жана өлкөдө болуунун белгиленген мөөнөттөрүн так сактоого чакырды.
Жаңыланган визасыз болуу тартибине кирген өлкөлөрдүн тизмесине Австралия, Австрия, Бельгия, Улуу Британия, Германия, Франция, Италия, АКШ, Канада, Япония, Түштүк Корея, Испания, Нидерланды, Швейцария, Швеция, Норвегия, Польша, Португалия, Сингапур, Таиланд, Израиль, Мексика жана башка бир катар мамлекеттер кирди.



