Маданият
Динара Акулованын апасы көз жумду

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Динара Акулованын апасы көз жумду.
«Динара Акулованы төрөгөн энеси Гүлайым Уркешова 85 жашында көз жумду. Ал Каракол шаарында жерге берилет», — деди ал.
Ал эми ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына «Алтыным энекем. Бейишимен ажырадым. Жаткан жериңиз жайлуу болсун» деп жазды.
“Абал .kg” маалымат агенттиги Динара Акулованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.



