Лукашенконун айтканын эле дубалга илсе коррупция токтойбу? Депутат Сайдулла Нышановдун сунушу

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов парламенттин жалпы жыйынында транспорт министрлигиндеги коррупцияны жок кылуу үчүн Беларусь президенти Александр Лукашенконун айткан лозунгдарын илип алуу керектигин айтты.
Нышанов Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору боюнча суроолорго транспорт министрлигинен келгендер так жооп бере албай жатканын билдирди.
“Лукашенко мындай деп айтты: “Лучше быть бедным, но на свободе, чем быть богатым и сидеть в тюрме”. Ошол айткан лозунгду Транспорт министрлигине илип алсаңар балким коррупция токтойт”, — деди Нышанов. Белгилей кетсек, транспорт министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев 520 миң доллар пара талап кылып, анын 50 миң долларын алып жатканда колго түшкөн. Ал эми 2020-жылдын 8-февралында дагы бир орун басары Жеңишбек Ногойбаев менен Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы Анарбек Бекмуратов УКМКнын кызматкерлерине мурда козголгон кылмыш ишти токтотуп берүү үчүн 10 миң доллар пара берип жатканда колго түшкөн.
Abal.kg