Көк чай коронавируска каршы. Япон тажырыйбасы

Жакында япониянын айыл чарба тууралуу жазган гезиттеринин бирине иммунитетти көтөрүп, коронавирусту жуктуруу кообун азайтыш үчүн көк чай менен тамакты чайкаш керек, деген рекомендация берилген макала жарыяланды, деп билдирет, “О пользе чая” блогу, 16-мартта.
Андан бир аз мурдараак эле коркунучтуу илдеттен сактай турган азык-түлүктөрдүн рейтинги журналдардын бирине жарыяланган. Биринчи орунда көк чай турат. Анын антиоксиданттарынын күчү, айрыкча вируска жана бактерицидге каршы турган кубатттуулугу азыркы илим тарабанын эчактан бери эле далилденген.

Өткөн тажырыйбалардын биринде (биртоп жыл илгери), лабораториялык жол менен жада калса суусу көп кошулуп калган көк чай дагы, ага атайлап салынган холеранын бактерияларынын баарын өлтүрөөрү бышыкталган.
Көк чайдын вируска жана бактерицидге каршы табиятын япондуктар атамзамандан бери эле билишет. Орто кылымда чуманын эпидемиясынан далай жолу көк чай менен сактанышкан.
Антиоксиданттардан тышкаары да япон көк чайы витаминдерге бай, айрыкча С витаминине.
“Бул маалыматтарды мен өзүм, чайды жакшы билгендерден түзмө-түз жыйнагам, бир чети Японияда мамлекеттик чай илим изилдөө институтунда стажировкада жүргөндө топтогом”,- дейт блогер А.Селезнев.
Abal.kg



