Дүйнө

Карантинге алынган киши итин дүкөнгө жиберди

Мексикада карантинге алынган киши азык-түлүктү кантип алып жатканын айтып берген. Көрсө ал азык-түлүктү үзгүлтүксүз алып туруунун жолун тапкан.

Антонио Муньос COVID-19 инфекциясынан улам киргизилген карантин учурунда чихуахуа породасындагы итин дүкөнгө жиберет. Ал чипси жегиси келип иттин каргысына чипсинин атын жазып жана акчаны кыстарып сатуучуга жөнөткөн.

Муньос ити башында тынчсызданганын айтып, бирок бардыгы ийгиликтүү аяктаганын билдирет.

Чихуахуа дүйнөдөгү эң кичинекей ит. Анын бою 15-23 сантиметр гана болот. Салмагы үч килограммдан ашпайт.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button