Дүйнө

Бир күндө эки тажик профессору коронавирустан көз жумушту

13-майда түштөн кийин Тажикистнадын түндүгүндө жайгашкан Пенжикент шаарынын ооруканасында мамлекеттик Дангарин университетинин проректору, Пенжикенттин билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы, филология илимдеринин докторуЮ профессор Фарход Хусейнзода каза тапты, деп билдирди Akhbor-rus.com.

«Ахбордун” Пенджикенттеги маалымдоочусу, профессор Хусейнзода бир нече күн мурда оор аьалда Дангарыдан Пенджикентке алынып келинген деп билдирди. «Анда пневмония менен коронавирустун белгилери болгон. Адегенде Пенджикенттин инфекциялык оорукеанасында анын абалы оңоло түшкөн, бирок 13-майда ал комага түшүп кетип, түштөн кийин каза тапты”– деп айтты биз менен аңгемелешкен адам.

Фарход Хусейнзоданын жакындары карантинге жабылды, деп айтты маалымдоочу.

Расмий эмес билдирүүлөргө караганда акыркы күндөрү пневмониянын белгилери менен Пенжикентте сегизинчи киши каза тапты.

Хусейнзода 13-майда коронавирустан каза тапкан экинчи профессор.   

Ошол эле күнү, бир аз эртерээк, Дүйшөмбүдө 84 жашында, Улуттук униерситеттин профессору, атактуу лингвист Бахриддин Камолиддинов кайтыш болгон. Ал каза тапкандан бир күн мурда эле анын кызы 53 жаштагы Гүлнора Камолиддинова коронавирустан көз жумган.  

  Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button