Фото: Үйдө гүл өстүрүүчүлөрдүн эсине: коркунучтуу гүлдөрдөн сактанып, аларды билип жүргүлө

Силер жакшы көрүп үйүңөрдө өстүрүп жүргөн төмөнкү гүлдөр адам жана жан-жаныбарлар үчүн өтө коркунучтуу экенин билип алгыла. Бул туурасында MAIL.RU.NEWS жазып чыкты.
— кротон же кодиеум (бул гүлдүн сабагында жана жалбырактарында концентрирацияланган ак шире бар, ал дененин былжырлуу жерине тийсе күйүк пайда кылат);

— диффенбахия (кокус мунун ширеси шилекейге аралашса, анда тамак катуу шишип, үн чыкпай калышы мүмкүн, же болбосо ичек-карын жана жүрөк — кан тамыр системасына зыян алып келет);

— монстера (кислородду өтө көп зарптаганы аз келгенсип, кичинекей тикенектери менен жаракат пайда кылышы ыктымал);

— плющ (эгерде бул өсүмдүккө колуңарды тийгизсеңер химиялык күйүктөй болгон күйүк болушу мүмкүн);

мунун себеби плющта өзгөчө майлуу уулуу аралашма бар;

— цикламен (бул гүлдүн жыты адамдын башын оорутуп, кокус дененин бир жерине тийсе — күйүк пайда кылат, а окус көзгө чачыраса анда көздүн көрүүсүндө олуттуу масесле жаралышы ыктымал ).


