Саясат

Кыргызстандын президентинин администрациясы түзүлдү. ТИЗМЕ

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясы түзүлдү.

Ошондой эле, мамлекет башчысынын жарлыктары менен:

— Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Сатыев Медербек Асанбекович — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Зулпиев Бектур Рысбаевич — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Асанкулов Жеңишбек Асанкулович — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button