Коронавируска каршы эмдөө кош бойлуулар үчүн коопсуз

Россияда вакцина алган кош бойлуулардын арасында эч кандай кыйыр таасир байкалган жок. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин акушерлик жана гинекология боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Лейла Адамян билдирди.

“Боюнда барлардын арасында бир дагы бейтаптын кыйналганы байкалган жок. Дүйнө жүзүндө 150 миңдей аял эмделип жаткан маалда кош бойлуу экенин билген эмес. Вакцинация репродуктивдик системага таасир этпейт, коронавирустун өзү кедергисин тийгизет”, — деген Адамян.

Ошондой эле ал эмделгендер аман-эсен көз жарганын белгилеген.

Дарыгер жалпысынан каза тапкан жана ооруканага жаткандардын арасында вакцина алгандар жок экенин кошумчалаган.

Июндун этегинде кош бойлуу аялдарга карата Sputnik V вакцинасын колдонууга каршы көрсөтмөлөр алып салынган. Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко эксперттик коомчулук мындай чечимди препараттын эффективдүүлүгү жана коопсуздугу боюнча маалыматтар жыйналгандан кийин кабыл алганын айткан.