Айсулуу Тыныбекова Азиянын мыкты балбаны аталды

Uww Asia уюму күрөш боюнча Азиянын мыкты балбандарын атады. Аталган уюм грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасында мыкты балбандарды тандаган.

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азиянын мыкты балбаны аталды. Ал эми эркин күрөш боюнча ирандык Хасан Яздани, грек-рим күрөшү боюнча ирандык Мохаммад Реза Гераеи мыкты деп табылды.

Балбандарды сыйлоо аземи 2022-жылдын 19-24-апрелинде Монголиянын Улан-Батор шаарында өтөт.

Буга чейин UWW уюму Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасын дүйнөдөгү алдыңкы бештигине киргизген.

Эскерте кетсек, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңген.