Спорт

Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекованын атаандаштары аныкталды

Монголияда өтө турчу күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионатында белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекованын атаандаштары белгилүү болду.

Чемпионат 19-24-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында болот.

Тыныбекова килемде 62 килограмм салмактагылар арасында кармашат.

Бириккен күрөш уюмунун (UWW) сайтында каршылаштарынын тизмеси жарыяланган:

Нонока Одзаки (Япония) — дүйнө чемпионатынын коло байге ээси;

Аяулым Касымова (Казакстан) — Азия чемпионатынан күмүш жана коло медалдарды алган;

Маниша Маниша (Индия);

Ханбит Ли (Корея);

Болдсайханы Хонгорзул (Монголия) — Олимпиада оюндарынын катышуучусу;

Сачини Сильва (Шри-Ланка);

Набира Эсенбаева (Өзбекстан) — Азия чемпионатынан күмүш байге уткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button