“Ласковый май” тобунун мурдагы ырчысы Юрий Шатунов 48 жашында көз жумду

Орусиялык белгилүү ырчы, “Ласковый май” тобунун мурдагы солисти Юрий Шатунов 48 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.

Маалыматта айтылгандай, Юрий Шатуновдун каза болгонун продюсер Аркадий Кудряшов тастыктаган.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, анын жүрөгү токтоп калган. “Бүгүн түндө Юрийдин жүрөгү “Тез жардам” унаасында бара жатканда токтоп калды”, – деген ал.

Эскерте кетсек, Юрий Шатунов көпчүлүккө “Седая ночь”, “Детство”, “Белые розы”, “Вечер холодной зимы” аттуу ырлары менен таанылган.

Убагында ар бир үналгыдан тынбай жаңырган “Белые розы”, “Розовый вечер” хит ырларды аткарган “Ласковый май” тобу 1986-жылы 6-декабрда негизделген.

Топ Орусиянын Оренбург шаарындагы №2 балдар үйүндө музыка ийриминин мугалими болуп эмгектенген Сергей Кузнецов, аталган балдар үйүндө тарбияланып жаткан 13 жаштагы Юрий Шатунов жана Вячеслав Пономарёв тарабынан негизделгени маалым.

“Ласковый май” тобунун курамы аталган балдар үйүндө тарбияланган бир нече өспүрүмдөн турган.

Топ 1988-жылдан тартып ошондогу Совет өлкөсүндө атактуулукка ээ боло баштаган. “Ласковый май” тобунун концертине 5000 көрүүчү келген учурлар дагы болгон.

Өкүнүчтүүсү, 1992-жылы аталган музыкалык топ өз ишин убактылуу токтоткон. Топтун ошондогу продюсери Андрей Кудряшовдун чечими менен “Ласковый майдын” негизги аткаруучусу Юрий Шатунов ырчылыгын жыйыштырып, бир нече жылга Германияга кетүүгө мажбур болгон.

Бирок Юрий Шатунов кийин өзүн жеке ырчы катары сынап, бир топ хит ырларды жарата алган.

Ал эми “Ласковый май” тобу 2009-жылы 90-жылдардагы моданын кайтышынын толкунунда кайрадан сахнага кайткан. Анын курамы Андрей Разин, Сергей Серков, Андрей Кучеров жана Сергей Ленюк сыяктуу таланттуу инсандардан турган.