Айыккыс дарттан кантип сактануу керек? Адистин кеңеши

Рак оорусунан оолак болуу үчүн жөнөкөй эрежелерди сактап жүрүү зарыл. Бул тууралуу бейтаптар менен 15 жылдан бери иштеген Шон Марчезе айтып бергенин Eat This, Not That! (ETNT) басылмасы жазды.

Марчезе рак адам өмүрүн алган кооптуу оору экенин, аны алдын алуу үчүн жашоо образын өзгөртүп, зыяндуу адаттардан баш тарткан оң экенин белгиледи.

Дарыгер алкоголь менен тамеки бардык оорунун башаты экенин айткан. Кээде ичимдик ууртап, чегип жүргөн адамдар дагы зыянын тартат. Тамеки рактын 14 түрүнүн өөрчүп кетүүсүн шарттайт. Ал эми алкоголь ооз көңдөйүн, ичеги-карынды, дем алуу жолдорун, боорду, уйку безин жана эмчек бездерин жабыркатып, шишикти пайда кылат.

Адис туура тамактанууга үндөдү. Маселен, малдын эти эркектин урук безинин, табарсык, эмчек безинин, ашказан, уйку бези жана ооз көңдөйүнүн рак оорусуна чалдыгуу коркунучун арттырат. Ошондой жарым фабрикат азыктарды аз колдонууга чакырды, алардын курамында трансмайлар менен тазаланган кант болот.

Ашыкча салмак жана кыймылдын жоктугу онкологиялык оорулардын күчөшүнө алып келери кошумчаланды. Толуп кетүү жоон ичегинин, көкүрөк безинин, жатындын, бөйрөктүн, кызыл өңгөч, уйку безинин, боордун жана өт баштыкчасынын рагына алып келет.

Мындан сырткары, күн нурунан сактанбаса, эң ириде тери рагы жаралышы мүмкүн. Ошондой эле гепатит B жана адамдын папиллома вирусу өңдүү инфекциялык ооруларга көңүл буруу керек.