Унутчаактык бул оорубу же көнүмүш адатпы? Адистин пикири

Адистер бир топ жылдардан бери унутчаактык тууралуу изилдеп келишет. Айрым адамдар мээсинде эч кандай көйгөй жок туруп эле эске тутуусун өздөрү начарлатып алышат. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, психотерапевт Артем Толоконин “Известия” басылмасына билдирди.

Анын айтымында, эс тутумдун начарлашынын көптөгөн себептери бар. Аларды органикалык жана эмоционалдык эки топко бөлүп караса болот. Биринчисинде эс тутумдун начарлашына мээдеги оорулар таасир этет.

“Ал эми экинчи учурда адамдын өзүнүн көңүл коштугу, шалаакылыгы роль ойнойт. Башкача айтканда, бир нерсени унутса эле эс тутумум начарлап кетти деп ойлоп, ошол бойдон баарын таштап коет. Мээни машыктырууга, унутуп калган нерсени эстөөгө аракет кылбайт. Бара-бара мээ буга көнөт да, начар иштейт баштайт”, — деди адис.

Андыктан психотерапевт унутчаактыкты адатка айлантып албай мээни машыктыруу керектигин, интернетте көптөгөн көнүгүүлөр бар экенин айтат.

Ошондой эле сергек жашоо образын карманып, фантазияны шыктандыруу үчүн китепти көп окууну сунуштады.