Биле жүрүңүз! Ысык чай менен кофе ракты пайда кылышы мүмкүн

Суусундукту 30 градустан ысык кылбай ичиш керек. Күз, кышта чай, кофе сымал ысык суусундуктар адамды бир аз жылытат. Бирок бул адат рак оорусун пайда кылышы мүмкүн.

Анын айтымында, жогорку температурадагы чай же кофе оозду күйгүзүп салышы ыктымал. Бул учурда былжыр челдин клеткалары жабыркайт. Эгер мындай адат дайыма кайталана берсе, анда онкологиялык оору пайда болот.

Өтө ысык суусундуктарды көп ичкен учурда былжыр челдин клеткасы өлөт. Ал жаңыдан калыбына келе баштаганда кайра ысык суусундук ичип аны жабыркатабыз. Эгер бул нерсе бат-баттан кайталана берсе, клетка бузулуп залалдуу шишикти пайда кылышы ыктымал.

Мындан тышкары, ысык суусундук ашказанды да жабыркатып, гастритке алып келери айтылды. Ошол себептен чай, кофени 30 градустан ысык кылбай ичиш керек.