Ар бир 5-10 мүнөт кыймылдоо зарыл. Отуруп иштеген адамдарга адистин кеңеши

Травматолог Алишер Захиров “Газета.Ru” гезитине берген маегинде кеңсе кызматкерлери кандай илдеттерге туш болорун жана аларды алдын алуу жолдорун айтып берди.

“Отуруп иштеген кишилерде бара-бара остеохондроз, жүрөк оорулары пайда болуп, нерв системасы жабыркайт. Аны алдын алуу үчүн моюн, бел жана ийинге көнүгүү жасап туруу керек. Бул үчүн маал-маалы менен отургучтан туруп, кеңсенин ичин кыдыра басып, 5-10 мүнөт кыймылдоо зарыл”, — деди адис.

Захиров уйку режими дагы жөнгө салынышы керектигин кошумчалады. Мисалы, ден соолук жайында болушу үчүн адам суткасына 7-9 саат укташы зарыл.

Андан тышкары, жумушта башка учурда гаджеттен болушунча оолак болуп, көздүн саламаттыгына кам көргөн туура.

Бул кеңсе кызматкерлери гана эмес, отуруп иштеген кийим тигүүчү цехтердеги  жумушчуларга да маанилүү экени эскертилет.