Баланын дене табын түшүрүүдөгү 4 ката

Терапевт Олег Абакумов жугуштуу оорулар күч алган маалда балдардын дене табын түшүрүүдө колдонгон кайсы ыкмалар кооптуу экенин санап берди.

Адис Россияда ушул кышта балдарды каптап жаткан вирустун бирден-бир симптому калтыратма экенин, ага дене тапты түшүрүүчү дарылар оңой менен жардам бербей жатканын белгилеген.

Анын айтымында, биринчиден, баланын температурасы 38 градуска жеткенге чейин күтпөш керек. Көбү дене табы жогорку чекке жеткенде организм вирус менен күрөшүп жатат деп түшүнүп, андан кийин гана дары-дармек берет. Ал препараттар 40-60 мүнөттөй жардам берерин, ага чейин баланын абалы дагы начарлашы мүмкүн экенин айтты.

Экинчиден, спирт жана уксус менен сүрткөн болбойт. Кичинекейлер алгач анын жытына ууланат, териси аркылуу организм да ууланышы ыктымал.

Үчүнчүдөн, анальгин менен аспирин дайыма эле жардам бере бербейт. Дарыгердин айтымында, анальгин адамдын инфекцияларды бат кабыл алып калышын шарттайт жана организмде кандын пайда болуусуна иштелип чыгышына терс таасирин тийгизет. Ал эми аспирин 15 жашка чейинкилерге тыюу салынган, себеби боорду жабыркатышы мүмкүн. Ошондой эле нимесулид препаратын 12 жашка чейинкилерге берүүгө болбойт.

Төртүнчүдөн, дене тапты түшүрүүчү дарыларды аралаштырып ичпеш керек. Мисалы, ибупрофен менен парацетамолду чогуу ичкен болбойт. Дарыгер андан бала жакшы болбой, тескерисинче, зыяны тийиши мүмкүн экенин айтты. Зарыл учурда гана ортодогу 4-6 сааттык аралыкты кармап бир түрлүү дарыны, андан кийинки интервалда экинчисин ичүүгө уруксат.