Камчыбек Ташиев «Барселонанын» президентин кандай тосуп алды?

Кечээ, 28-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Барселона» клубунун президенти Жоан Лапорта жана футболчу Эдгар Давидсти «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан тосуп алды .

Улуттук кийимчен кыздар кыргыздын боорсогу менен тосуп чыгып, келген коноктор кызыл килем үстүндө басып келип аларды күтүп жаткан күйөрмандары менен учурашты.