Түшкө чейин уктабайт. “Эртең менен эрте турбасаң ошол күнкү ырыскыдан кур каласың” деп айтылып келет. Эрте тургандын бир ырыскысы ашык.
Эртең менен жаман сөз сүйлөбөйт. Таңды жакындарыңа жакшы сөз айтуу менен башта. Таң атпай жаман сөз сүйлөө жамандыкты эртелеткендин белгиси деп коюшат.
Таңкы тамакты таштабайт. Эртең мененки насипти, ырыскыны таштабайт. Кокус ишке же окууга бара турган болсоң жок дегенде суу ичип, нан ооз тийип кетиш керек.
Колу-бетти жуубай туруп кишилер менен учурашпайт. Жуунуп-тазаланбай туруп эл менен кол алышып, өбүшүп учурашуу этикага да жатпайт.
Бирөө менен урушпайт. Таң атпай бирөө менен урушсаң үйдөн кут качат. Өзүңдүн да, урушкан адамыңдын да маанайы түшүп бир күн кечке капалуу жүрөсүң.
Жакындардын тынчын албайт. Таң атпай чалып же үйүнө жакындардын тынчын алуунун кажети жок. Таңдагы телефондун шыңгырын уккан адам жакшы кабар угам деп ойлобойт. Ал-ахвалын сураганга күн чыкканда деле жетишесиз.
@user2