Маданият
Бишкекте жана Ошто заманбап индия бий кечеси өтөт
Бишкекте жана Ошто заманбап индия бий кечеси өтөт, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы.
Бий кечеси:
- Бишкек шаарында 1-февралда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт. Башталышы саат 18:00.
- Ош шаарында 3-февралда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында болот. Башталышы саат 18:00.
Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.
Бул маданий программа КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Индияын Маданият министрлигинин ортосундагы 2022-2026-жылдарга карата маданий алмашуу программасын алкагында ишке ашырылат.
Кечени Индиянын Кыргызстандын элчилиги менен биргеликте доктор Рекха Мехра жетектеген “Урваши” маданият жана искусство, бий жана музыка коому тарабынан уюштурулат.