Маданият

Бишкекте кытай киносунун күндөрү уланууда

Бүгүн борбор калаадагы «Ала-Тоо» кинотеатрында «Шёлковый путь в киноракурсе» эл аралык кинофестивалынын экинчи этабы ийгиликтүү өттү.

Иш-чаранын алкагында кыргызстандык көрүүчүлөр заманбап кытай кинолорунун үч тасмасын чоң экрандан акысыз көрүштү. Бардык тасмалар орусча субтитрлер менен көрсөтүлдү.

Киномарафон саат 10:30да башталып, кечке чейин уланды. Программага «Жансакчы», «Пегасус-3» жана «Бактылуу поезд» тасмалары кирди.

«Жансакчы» — кылыччан саякатчы, байыркы сырлар жана курч салгылашуулар баяндалган уся стилиндеги масштабдуу эпос.

«Пегасус-3» — автожарыш дүйнөсү тууралуу ылдамдыкка жана адреналинге бай драма. Анда ар бир бурулуш өмүр менен өлүмдүн ортосундагы күрөшкө айланат.

«Бактылуу поезд» — жолдо бараткан адамдардын тагдырын баяндаган жылуу жана таасирдүү тасма. Анда адамдык мээрим, боорукерлик жана бири-бирине жардам берүү темалары чагылдырылган.

Тасмалардын көрсөтүлүшү азиялык кинематографияга кызыккан көптөгөн көрүүчүлөрдүн жана борбор калаа тургундарынын көңүлүн бурду.

Эске салсак, 12-августта «Ала-Тоо» кинотеатрында «Жибек Жолунун жарыгы жана көлөкөсү» эл аралык долбоорунун алкагында Кытай киносунун күндөрү ачылган.

Кыргыз көрүүчүлөрүнө ар түрдүү жанрдагы төрт тасма сунушталган. Алардын арасында 8K форматында космосто тартылган уникалдуу тасма жана 2026-жылдагы Кытайдын эң ири кассалык хиттеринин бири да бар.

Тектеш кабарлар

Back to top button