23-февралга карата кандай белектер көп берилет?

Россияда 23-февраль Ата-мекенди коргоочулардын күнүнө карата аялдар эркектерге көбүн эсе кийим белек кылышат. Мындай маалыматты маркетологдор гильдиясы билдирди.

Адистердин айтымында, аялдар көбүн эсе көйнөй, галстук, ич кийим жана байпак белек кылышат. Ошондой эле сакал алууда колдонулган каражаттар менен атырлар дагы көп белекке тартууланат.

Айрымдары спирт ичимдиктерин, гаджеттерди жана башка аксессуарларды белек кылышат. Аны менен катар сертификат, китеп, чоңдор үчүн оюнчуктарга басым жасагандар дагы жок эмес.

Ал эми Кыргызстанда деле мырзалардын майрамына ушул сыяктуу белектер  берилерин айтышууда.

Abal.kg