Эрбол Асанкадыров юниорлор арасындагы эл аралык турнирде коло тагынды

Кыргызстандык спортчу Эрбол Асанкадыров Литвада юниорлор арасында өткөн эл аралык турнирде 3-орунду алды.

Danas Pozniakas Youth Tournament атындагы турнир ушул күндөрү Литванын Вильнюс шаарында өтүп жатат. Кыргызстандык мушкер 60 кг. салмакка чейинки категорияда күч сынашты.

Бардык беттештердин жыйынтыгында Асанкадыров үчүнчү орунга илинип, коло байге алды.

Бул мелдешке Кыргызстандын курама командасы барышы керек болчу, бирок коронавирустан улам барбай калышкан.

Abal.kg