ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Эч качан байыбай турган эркек кандай болот: беш белгиси

Эч качан байыбай турган эркекти кантип билсе болот? Бул туурасында FB.ru жазып чыкты.

Акча «жасай албайт»  

Эгер эркек колунда бар финасыны кантип туура жумшашты билбесе, топтогон акчасы эмнеге керектигин түшүнбөсө, андай адам тапкан-ташынганын күнүмдүк гана жыргалчылыгы үчүн коротуп коюп жүрө берет. Мындай адам  менен жашаган аял өмүр бою кедейчиликтен кутула албайт.  

Кереметке ишенет

Ийгиликке  жетүүгө өз алдынча эч кандай аракет кылбай, кокусунан болчу кереметке ишенген адам эч качан байыбайт. Ийгилик өзүнөн өзү келип калышы мүмкүн – лотерея, карта, же казинодон утуп алышым ыктымал, деген эркек өмүр бою кедей болуп жүрүп өтөт. Мындайлар жумуш издеп убара болуп, анан ага күн сайын барып, башчыдан сын угуу дегенди түшүнгүлөрү да келбейт. Кээ бирлери жаштык кезинин  эң мыкты учурун мансап курууга жумшагандын ордуна, мурас күтүп жата бергенди  туура көрүшөт. Мындайлар финасылык ийгиликке таптакыр жете алышпайт.

Ал «баарына тагдыры күнөөлүү« экенин билет

Көп акча таба албаган эркек, ийгиликке жете албаганына өзүн күнөөлү деп эсептебей, тагдырым ушундай тайкы туулуп калыпмын деп даттанат. Ал өзүн жаман кызматчы катары эсептебейт.Тескерисинче, сараң начальниги аны баалагандын ордуна, коллегасын көтөрмөлөп, башкалардын маянасын көбөйтсө дагы, атайлап аныкын көтөрбөй жатат деп эсептейт.

Башка кызмат издеп көрбөйсүзбү деген сыяктуу кыйытууларга, дайыма эле издеп жатканын, бирок вакансия жок экенин айтып, эски жумушуна жабышып,чыккысы келбейт. Мындай эркек, ата-энеси “жылуу-жумшак” орунга орношо албаганын дайыма оозунан түшүрбөй айтып жүрөт. Бул эркектердин ичинде өзүн реализация кыла албагандыгына байланыштуу толгон комплекс жашайт. Анын  комплекстери финансылык бакубатчылыгына дайыма кедергисин тийгизет. Баса, үй-бүлө күткөндөн кийин ал ийгиликке жетпей жатканынын себебин аялынан көрө баштайт. Андай кине коюларга даяр болушуңар керек.

Камаарбастык

Кумар оюндарына берилген, убактысынын көбүн достору менен олтуруштарда, же болбосо интернетте өткөргөн эркек менен жашаган аял да, өмүрүн жакырчылыкта өткөрүшү ыктымал. Мындай эркектер реалдуу жашоодо ийгиликке жетише албай – көбүнчө компьютер жаатындагы жетишкендиктери тууралуу гана ойлоп, жакшы айлык төлөй турган жумушту табуу татаал деп эсептешет. Булардын көпчүлүгү качандыр алардын да жылдызы жанып, ийгилик келет деген күтүү менен гана жашашат. Ошондуктан, мындай эркектер таанышкан учурда, аңгемесин  компьютер оюндары жаатында кандай ийгиликтерге жетишкенин айтуудан башташат. Бул эркектер менен жашаган аялдар финасылык жактан камсыз боло алашпайт.  

Үй-бүлөө жашоону жеңилдетүү үчүн гана керек

Эгерде эркек аялзаты менен таанышкандан кийин көп өтпөй эле, үйлөнүү тууралуу сөз баштаса, анда андай киши болочок колуктуну кооптондурушу керек. Андай эркектер мындай сунушту өтө эле сүйүп калгандыктан эмес, үйлөнгөндөн кийин аялзаты анын тиричилигин жеңилдетет деген максат менен жасашат. Эгер эркек үй-бүлөө курууну жашоо-тиричиликти жеңилдетүү катарында — бюджеттерди кошуу менен  коммуналдык төлөмдөр жана тамак-аштан үнөмдөө максатында жасаса, анда эле, аялдар болочок жашоо жакыр өтөөрүнө даяр боло беришиңер керек. Мындай эркектер өзүн камсыз кылуу үчүн көп иштегилери, кирешенин жаңы булактарын тапкылары  келишпейт. Өз каражаты аз болгондуктан дайыма өзүнө колкабыш кыла турган өнөк издешет. Баса, ушундай жол менен үй-бүлөө курган эркек аялына караганда аз табат. Бирок анысына дайыма шүгүр кылып жашай берет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button