Бишкекте өтүп жаткан “Наристе-2021” футзал мелдешине 57 команда катышууда

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда футзал боюнча салтка айланган эл аралык “Наристе-2021” мелдеши өтүп жатат. Бул тууралуу турнирдин башкы калысы Ырыскелди Мусаев Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мелдешке өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынан командалар келишкен.

“Быйыл мелдеште жаңы рекорд болду. Жалпысынан 57 команда ат салышууда. Республиканын Жалал-Абад, Талас аймактарынан башка бардык облустарынан командалар келди. Жыл сайын кошуна Казакстандан командалар келип катышчу, эпидемиологиялык кырдаалдан улам быйыл келишкен жок”, — деди башкы калыс.

Мелдеш 3-январда башталып, учурда тайпалык этаптагы беттештер өтүп жатат. Анда мамлекеттик органдардан, 35, 45 жана 55 жашка чейинки футзал ышкыбоздорунан түзүлгөн командалар ат салышууда. Жеңүүчүлөр 8-январда аныкталып, мелдеш жыйынтыкталат.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан жеңүүчүлөргө, өзгөчөлөнгөн дарбазачы, коргоочу, чабуулчуларга акчалай сыйлыктар, белектер каралган.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш быйыл 22-ирет өткөрүлүп жатат.