Диетолог ачкарын кайсы тамактардан баш тартуу керектигин айтты

Дарыгер-диетолог жана медицина илимдеринин кандидаты Юлия Чехонина эртең менен ачкарын кайсы азыктарды жеген кооптуу экенин айтып берген. Адистин кеңештери РИА Новостиге жарыяланды.

Дарыгер белгилегендей, ачкарын туздалган, майлуу азыктар өттү сезгентет. Эгер адам аябай жегиси келсе, ага майдын концентрациясын азайткан жашылча-жемиштерди кошуп колдонуусу керек.

Ачкарын алмуруттун түрүн жегенге да болбойт. Себеби анын курамында органикалык кычкылдардан тышкары өт менен ичегиге таасир этип, ичти алдырчу өлүк клеткалар бар.
Андан сырткары, эртең менен таттуу жеген да зыян. Мындай учурда организмде май пайда болуп, курсак чыгышы ыктымал.

Диетолог турары менен ачкарын кофе ичүүдөн баш тартууга да чакырган. Бул суусундук ашказандын былжырына терс таасир этип, гастритти пайда кылышы мүмкүн экени маалым болду.