Фото: Үйдө гүл өстүрүүчүлөрдүн эсине: коркунучтуу гүлдөрдөн сактанып, аларды билип жүргүлө

Силер жакшы көрүп үйүңөрдө өстүрүп жүргөн төмөнкү гүлдөр адам жана жан-жаныбарлар үчүн өтө коркунучтуу экенин билип алгыла.  Бул туурасында MAIL.RU.NEWS жазып чыкты.

— кротон же кодиеум (бул гүлдүн сабагында жана жалбырактарында концентрирацияланган ак шире бар, ал дененин былжырлуу жерине тийсе күйүк пайда кылат);

Кротон

— диффенбахия (кокус мунун ширеси шилекейге аралашса, анда тамак катуу шишип, үн чыкпай калышы мүмкүн, же болбосо ичек-карын жана жүрөк – кан тамыр системасына зыян алып келет);

Диффенбахия

— монстера (кислородду өтө көп зарптаганы аз келгенсип, кичинекей тикенектери менен жаракат пайда кылышы ыктымал);

Монстера

— плющ (эгерде бул өсүмдүккө колуңарды тийгизсеңер химиялык күйүктөй болгон күйүк болушу мүмкүн);

Плющ

мунун себеби плющта  өзгөчө майлуу  уулуу аралашма бар;

Цикламен

— цикламен (бул гүлдүн жыты адамдын башын оорутуп, кокус дененин бир жерине тийсе   — күйүк пайда кылат, а окус көзгө чачыраса анда көздүн көрүүсүндө олуттуу масесле жаралышы ыктымал ).