Коом

Министр Чүй облусун кыдырып өрттөн куткаруунун шарттары менен таанышты

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй облусу менен Бишкек шаарында жайгашкан ӨКМдин өрт-куткаруу бөлүктөрүн кыдырып, өздүк курамдын иштөө шарттары менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына караштуу №3, №4, №8 өрт-куткаруу бөлүктөрү, Токмок шаарындагы №21, Чүй районундагы №24, Кеминдеги №5, Ысык-Ата районундагы №4, Кант шаарындагы №27 бөлүгүнө иш сапары менен барып, материалдык-техникалык базанын абалына өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгы, социалдык шарттары, эс алуу жана нөөмөт өтөө жайларынын талапка шайкештигин текшерип, айрым кемчиликтерди ыкчам жоюу жана кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Тектеш кабарлар

Back to top button