Коом
УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбекке таандык ок атуучу куралдар аныкталды

КР УКМК К.Асанбек тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында, 2024-жылдын 11-июлунда «Мыйзамдагы ууруга” тиешелүү делген жайлардын биринде, уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин аскердик патрондору бар жеке ок атуучу куралдары табылган.

Учурда КР УКМК тарабынан К.Асанбекке тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.




