Дүйнө
ТИМ Түштүк Кореядагы кыргызстандыктарды өтө зарылчылык болбосо үйүнөн чыкпай турууга чакырат

Мындай билдирүү өлкөгө киргизилген аскердик абалдан улам жарыяланды.
Мекендештерге жергиликтүү бийликтин айткан көрсөтмөлөрүнө баш ийип, массалык, өзгөчө саясий өңүттөгү иш-чараларга катышпоо сунушталды.
Суроо жаралса Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигине +82 10 9798 0951 номери аркылуу кайрылууга болот.



