Коом

Ташкентте ар бир даракка паспорт берилип, аны багууга бир адамды бекитет

«Борбор калаанын акимчилиги шаардагы бактарга кам көрүү системасын өзгөртүүдө. Эми Ташкенттеги ар бир даракка паспорт берилип, ага кам көрүү үчүн бир адам дайындалат» деп билдирет Podrobno.uz. 

«2030-жылга чейин шаардагы жашыл аянтчалардын санын 5 миң гектарга жеткирүү пландалууда»,— деп айтылат маалыматта. 

Ошону менен бирге ар бир өскөн жана отургузулган бак-дарактарга паспорт берилип, аларды кароого жооптуу адамдар бекитилип, алардын өсүшүнө көзөмөл орнотулат. Жылдар ичинде кеминде 1 миллион түп декоративдүү жана жемиш бактарын отургузуу, ошондой эле шаар боюнча 32 тематикалык бакчаларды жана скверлерди, 30 жашыл зоналарды жана бульварларды түзүү пландаштырылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button