Коом

ВИДЕО: Баңги кылмыштарына шектелген жарандан ок атуучу курал табылды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүмүндө (баңгизатын мыйзамсыз сактоо же сатуу, эски кодекс) көрсөтүлгөн кылмыштын бетин ачуу боюнча атайын иш-чаралар өткөрүлүп, анын натыйжасында Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун тургуну  М.Н. каралган.

Тинтүү учурунда “Хонда Аккорд”  үлгүсүндөгү унаанын ичинен төрт огу менен номуру өчүрүлгөн  “Макаров”  үлгүсүндөгү тапанча  табылган.

Аталган факт Биринчи май РИИБдин тергөө кызматы тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 267-берененин 2-бөлүмү (ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоо) менен катталган.  Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button