Дүйнө

Казакстанда үчүнчү кишиден коронавирус табылды. Канча киши карантинде жатат?

Казакстанда коронавирус жуктурган үчүнчү адам аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан саламаттыкты сактоо министри Ержан Биртанов билдирди. 

Коронавирус жуктурган  аял Италиянын Милан шаарынан 12-мартта Нур-Султанга келген. Карантинге алынып тапшырган анализинин жыйынтыгы коронавирус бар экенин көрсөткөн.

Буга чейин Германиядан Алматыга келген эки кишинин коронавирус жуктуруп алганы кабарланган. Алардын бири 9-мартта, экинчиси 12-мартта келген.

Казакстанга чет өлкөдөн келген бардык жарандар текшерүүгө алынып,  коронавирус жуктургандар дагы да бар болушу мүмкүн деген шек жаратууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстанда 3000ден ашык адам карантинде деген маалымат тараган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button