Дүйнө

Кытайда вирустун жаңы түрүнөн бир адам каза тапты

Кытайда бир эркек киши  хантавирустан каза болду. Бул ушул инфекциядан көз жумган адамдын Кытайда биринчи жолу  жолу катталышы. Бул туурасында НТВ 25-мартта маалымдады.

Кеп кемирүүчү жаныбарлардын заңы же заарасынан чыккан бууну жыттап алганда адамга  жуга турган вирус жөнүндө болуп жатат. Мындан тышкаары да бул вирусту адамдар курт-кумурскаларды жей турган жаргананаттардан жуктуруп алган учурлары белгилүү.  Хантавирустун  адамдан адамга жукканы өтө сейрек болот. Мындай учурлар мурда Аргентина менен Чилиде кездешкен.  

Хантавирусту жуктургандын белгилери — калтырап-титирөө (лихорадка), кан кетүү жана бөйрөктөрдүн сезгениши.

Ушул вирустан биринчи каза тапкан Кытайдагы бул киши  Юньнань провинциясынын жашоочусу экен. Ал Шаньдун шаарына бараткан жолдо, автобустун ичинде көз жумган. Врачтар аны менен кошо баратышкан 30 жүргүнчүнү текшерип чыгышты.

Эскерте кетсек, азыркы учурда коронавирустан жабыр тарткандардын саны дүйнө жүзүндө  400 миңден ашты. 190дон ашык мамлекетке тарады. 18 миңден ашуун киши көз жумду.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button