АКШда коронавирустун курмандыктары 1000ден ашып кетти

АКШда коронавирус 1 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып кетти. Бул туурасында атайын эсеп жүрүгүзүп жаткан Джонса Хопкинстин университети билдиргенин 26 – мартта INTERFAX.RU маалымдады.
Университеттин маалымдаганына караганда азыр АКШда 68 572 киши тумоолоп, 1031 бейтап көз жумган.
Ошол эле учурда 593 адам толук айыкты деп айтылат.
АКШ тумоологондордун сан жагынан Италияга жетип калды. Италияда азыркы учурда 74 миңден ашуун киши сыркоолоп жатат.
Алдыңкы күнү эле АКШда 55 миңден ашуун киши ооруп, 800 адам көз жумганы маалымдалган болчу.
Эң бийик көрсөткүч Нью-Йорк штаты менен Нью-Йорк шаарында, анын артынан Нью-Джерси, Вашингтон жана Калифорния штаттары баратышат.
Мурдараак эле Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) коронавирустун чордону АКШ болушу мүмкүн деп билдирген болчу.
Эсиңиздерге сала кетсек, мындан эки күн мурда АКШнын башкы хирургу Джером Адамс үйүңөрдөн чыкпагыла деген бийликтин рекомендациясын кенебей атышкан мекендештерин катуу сындап, «Мен Америка эсине келсин деп атам, ушул жумада баары аябай жаман болот», — деп эскерткен эле.
Abal.kg