Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон абалы оордоп, реанимацияга которушту

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсондун, коронавирустун айынан абалы оордоп кеткендигине байланыштуу, аны Лондондун Сент-Томас ооруканасынын реанимация бөлүмүнө которушту, деп дүйнөлүк массалык маалымдоочу каражаттары билдире башташты.
Коронавирус инфекциясы менен жабырланганына 10 күн болгон 55 жаштагы Джонсон жекшемби күнү Лондондун Сент-Томас ооруканасына жаткырылган болчу.
«Бүгүн түштөн кийин премьер-министрдин абалы оордоп кеткендигине байланыштуу, аны дарылап атышкан врачтардын кеңеши менен, ал оорукананын ренимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулду», — деп айтылган Даунинг-стриттен алынган билдирүүдө.
Бир нече саат өткөндөн кийин гана премьердин «Твиттеринде» анын көңүлү куунак экени жана командасы менен дайыма байланышта болуп атканы туурасындагы жазуу пайда болду.
Ошондой эле ал ага жана башка бейтаптарга кам көрүп жатышкан улуттук саламаттык сактоо ситемасынын кызматкерлерине ишти мыкты алып барып жатышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. «Британияда эмне жакшы болсо, ошонун эң мыктысы силер», — деп жазды ал.
Джонсондун өтүнүчү менен «эгер зарылчылык болсо» анын премьердик постун тышкы иштер министри Доминик Рааб ээлеп турат, деп билдирди премьердин пресс-катчысы.
Премьердин сакайып кетишине АКШнын президенти Дональд Трамп, Француз президенти Эммануэль Макрон, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Британиянын экс-премьер-министрлери —Тереза Мэй менен Дэвида Кэмерона ж.б. көптөгөн саясий лидерлер тилектерин билдирип жатышат.
Борис Джонсондун жаш колуктусу, биринчи жолу төрөткө даярдынып жаткан, жети айлык боюнда бар Кэрри Саймондс тууралуу тынчсызданып, жубайынын абалы айымга эмоционалдык жактан терс таасирин тийгизбесе экен деп, чочулап атканын билдирди, Independent газетасынын редактору Ханна Фирн «Твиттеринде».
Эскерте кетсек, Борис Джонсон Улуу Британияны 31-январда Евросоюздун составынан алып чыккан премьер.
Коронвирус Улуу Британияда:
-жуктурганы- 51 608;
-көз жумганы – 5373.
Abal.kg



