Коронавирус. Россияда жуктургандар көбөйүп, оору күч алды

Россияда бир сутка ичинде 7933 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды. Ыкчам штаб бул азыркы пандемиянын тарыхында өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч экенин билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.
Инфекцияны жаңы жугузгандардын 44,5 пайызында клиникалык белгилер жок экендиги айтылат.
Эң көп учурлар Москвада (3561), Москва облусунда (797) жана Санкт-Петербургда (349 учур) катталган. Бир суткада 96 адам каза болуп, 1601и айыгып чыккан.
Жалпысынан Россияда 114 431 адамдан коронавирус катталып, анын 1169у көз жумса, 13 222си сакайган.
Эскерте кетсек, Россияда вирус жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө 8-орунда турат. АКШда коронавируска чалдыккандардын саны миллиондон ашат. Кийинки орундарда Испания, Италия, Улуу Британия, Франция, Германия жана Түркия бар.
Abal.kg