Дүйнө

Медиктер коронавирус козгой турган опурталдуу ооруларды аташты

ISARICтин медиктери коронавирус козгой турган өтө опурталдуу ооруларды аташты. Бул туурасында көз карандысыз “Дни24” интернет-басылма билдирди.

Жаңы инфекция бир нече айдын ичинде 212 мамлекетке тарап,  3 569 520 кишиге жугуп, 1 172 172си айыгып, 252 223 адам курман болду.

Иликтөөлөрдүн тыянагы боюнча вирус жуктургандардын  50%и бир, же бир нече өнөкөт оорусу барлар. Бул топто каза тапкандар жалпы нормадан 40%ке жогору.  Эске тутуусу жоголо баштаган улгайган бейтаптардын  39%и бул оору менен күрөшүүгө чамалары жетпей каза табышат. Жүрөк оорулары барларда каза табуу коркунучу 31%ке, семирип кеткендерде 37%ке жогору. Бөйрөк, астма жана диабет сыяктуу  оорулар COVID-19ду жугузууну жана андан көз жумууну  жогорулатат. Активдүү тамеки тартуучулардын ичинде кытай вирусунун бейтаптары 10%тен төмөн болуп чыкты, бирок алардын үлүшү жалпы калктын көрсөткүчүн алганда алда канча жогору.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button