Кытай окумуштуусу жарганаттардан 1,5 миңге жакын коронавирустун түрлөрүн таап чыкты

Коронавирус дүйнөгө таралган Ухань шаарындагы вирусология институнун окумуштуу айымы Уханьского Ши Чжэнли жарганаттардын организминен коронавирустун 1,5 миңге жакын ар кандай түрүн таап чыкты. Алардын бир бөлүгү болочокто жаңы пандемиянын себепкери болушу мүмкүн, дешти The Big Picture Science podcast (радиоберүү, аудиофайл) авторлору. Бул тууралуу 19-майда Vazho.Ru маалымдады.
Жогоруда аталган вирусология институнун лабораториясынын кызматкерлери жарганаттарды кармашып, алардан билогиялык маалыматтарды чогултушкан. Бул жандыктардын шилекейлеринен, канынан жана заңдарынан 15 миң үлгү алынган. Иликтөөнүн учрунда жарганаттардын 10%инен «коронавирустардын бүтүндөй бир ааламы» табылган. Алар андан соң тоңдурулуп, институтта сактоого коюлган.
«Бул вирустардын көбү эч качан адамдарга жукпайт, бирок кээ бирлери кишиге жугуза турган сапатка ээ. Азыр окумуштуу айым, ушул алынган үлгүлөрдүн канчасы адамга жуга турган коркунучту жарата алаары боюнча эксперимент өткөрүп жатат. Жарганаттардан чогултулган ушул коронавирустардын кээ бир типтерине каршы антителалар Кытайдын түштүгүндөгү айыл жерлериндеги тургундардын кандарынан табылганын белгилешет. Бул факт COVID-19 Ухандан эмес, жарганаттар турак кылышкан тоолордогу үңкүрлөргө жакын жайгашышкан айыл чарба райондорунан тараганын күбөлөндүрөт.
Окумуштуулар али өзүн көрсөтө элек мындай сандагы вирустар келекчектеги «жай кыймылга келүүчү бомба» деп аташты.
Ушул убакка чейин коронавирустун ар түрдүү типтери үч пандемияны чыгарышкан: 2003-жылдагы атипичная пневмония, 2012-жылдагы Жакынкы Чыгыштагы респиратордук синдром жана 2019 –жылдын аягында башталган коронавирустун жаңы тибинин (SARS-CoV-2) пандемиясы.
Abal.kg