Дүйнө

Врачтар коронавирустун өзүнөн өзү жок болоорун айтышты

Италиялык эки врач – Миландагы Сан-Раффаэле ооруканасынын  башчысы Альберто Зангрильо менен Генуядагы  Сан-Мартино жугуштуу илдеттер ооруканасынын жетекчиси Маттео Бассетти, коронавирус мутация болуп, образдуу айтканда өзүнүн көлөкөсүнө айланып калды – пандемия башталган мезгилге караганда илдет алда канча коркунучсуз абалга өттү, деп билдиришкен, 2-июнда эле. Бул тууралуу Vazhno.ru жазып чыккан.

Ал эми профессор Зангрильо RAI телеканалына берген интервьюсунда: «Коронавирус Италияда клиникалык жактан өкүм сүрбөйт» деп билдирген. Медик бул тыянагын акыркы 10 күндө бейтаптардан алынган анализдерде, бир ай мурунку тесттерге караганда вирустук жүк (вирусная нагрузка) “алда канча аз” экени менен бышыктаган. Вирустук жүк канчалык көп болсо, оорунун сипмтомдору ошончолук оор болот.

Профессор Зангрильо

Зангрилдин Генуялык коллегасы Маттео Бассетти, аны менен параллелдүү эле  ANSA агенттигине: «Коронавирустун күчү эки ай мурдагыдай эмес, азыркы  COVID-19 менен бейтаптап жаткандар баштагылардан кескин айырмаланат” деп билдирген. Акыркы мезгилде Италияда вирус жуктургандар, мурдагыдай он миңдеп эмес, 200-300дүн айланасына түшүп калган.

Эскерте кетсек, Италия коронавирустан өтө катуу жабыр тарткан өлкөлөрдүн алдыңкы сабына кирет. Пандемиянын учурунда бул өлкөдө 235 миң киши вирус жуктуруп бейтаптап, 33 846 адам көз жумган.

АКШнын  Питтсбург Университетинин медиктери COVID-19дун адамдын организимине келтирчү зыяны басаңдады, дешип италиялык коллегаларынын тыянактарын бышыкташты.

Университетинин медициналык борборунун реаниматология бөлүмүнүн жетекчиси доктор Дональд Или 4-июнда берген пресс-конференциясында коронавирус “күчүн жогото баштады” деп айтты. Мындай пикирин марттан тартып коронавирус пневмониясынан жабыркаган 500дөн ашык бейптаптын клиникалык таржымалын иликтөөнүн негизинде билдирген. Бул пикирин, акыркы бир нече жуманын ичинде, өпкөнү жасалма дем алдырууну талап эткен оор формадагы бейтаптар сейрек боло баштаганы менен түшүндүргөн. 

“Балким, вирус мутация болуп жатат. Кээ бир белгилери анын күчүн жогото баштаганы тууралуу айтканга бизге негиз берүүдө”,-деп, доктор Илинин сөзүнөн  Daily Mail цитата келтирген.

Ошол эле учурда башка өлкөлөрдүн окумуштуулары Италиялык врачтардын тезистерине күмөн санашууда. Медициналык жамаат Милан менен Питтсбургдагы коллегаларынын пикирлерин бышыктоого шашылышкан жок. Маселен, Австралиянын  Вуллонгонг Университетинен Гидеон Мейеровиц-Кац коронавирустун өзүнөн өзү жок болуп кетишинне ишениш кыйыныраак, анткени ошол эле Италияда дагы эле андан кишилер зыян болуп жатпайбы деди.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ВОЗ) эпидемиологу Мария ван Керхове «жугуштуулугу жана симптомдорунун оордугу өзгөргөн жок» деп бышыктады. Эпидемиолог айымдын пикирин Лондондогу  гигиена жана тропикалык медицина мектебинин профессору Мартин Хибберд да колдоду. Ал  коронавирустун 35 миң штаммынын генетикалык ииликтөөлөрүнүн натыйжасы эч кандай олуттуу мутация болбогонун көрсөттү деп белгилейт.  

Азыркы тапта дүйнөдө коронавирус тумоосу менен жабыркагандар 6,5 миллиондун тегерегинде. Анын ичинен 386 миң бейтап көз жумган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button