(Видео) Коронавирус апаатын былтыр августта айткан 14 жашар көзү ачык, үрөй учурган жаңы катастрофа тууралуу билдирди

Бир жыл мурда, 22-августта 14 жашар Индиялык төлгөчү (астролог) Абхигья Ананд глобалдуу коронавирус пандемиясын алдын ала айткан болчу.
Анын айтканы ага дүйнөлүк атак алып келди, деп билдирет «Медик Форум» порталы.
Бирок өспүрүмдүн дүйнө жүзүнө айта турган дагы жаңы билдирүүсү бар. Анын айтуусуна караганда коронавирус адамзат үчүн биринчи чоң сыноо болду. Ал ушул жылдын сентябрь айында токтойт. Андан ары адамзатты жаңы “глобалдуу катастрофа” күтүп турат. Ал ар бир адамга терс залалын алып келет. Ананд бул катастрофа 20- декабрда башталат дейт.
Төлгөчү (астролог), табиятка карата адамдын сый-урмат менен мамиле жасай билбегени жана жаныбарларды аесуз өлтүргөнү менен глобалдуу жамандыкты өз башына өзү тилеп жатат. Анын сөзү боюнча бул «коллективдүү карманы» бузат.
Жаш төлгөчү (астролог) туурасында эмнени билебиз? Ал 14 жашта. Ушул учурда, өлкөсүндө анын “каны жерге тамбай” турган чагы: алтын менен күмүштүн бааларын алдын ала так айтып берет; жакынкы арада боло турган окуяларды билдирип турат. Бирок, Абхигьянын көптөгөн жердештери, анын көзү ачыктыгын баланын оюну деп эсептешип, прогноздорун тек гана кокустан дал келүү деп ойлошот.



