Дүйнө

Окумуштуу:Мурда суук тийип ооругандарда, коронавируска каршы иммунитети чыңдалышы мүмкүн

Эгерде сиз мындан бир нече жыл мурда суук тийип ооруган болсоңуз, кокус организимиңиз коронавируска каршы күрөшүп калса, анда пайдасы тийиши толук мүмкүн. Акыркы мезгилдеги жаңы иликтөөлөргө ылайык, пандемиялык вирусту жуктура электигине карабастан кээ бир адамдарда, ага (коронавируска) каршы  реакция кыла турган  Т-клеткалар болушу толук ыктымал экен. Муну биолог, иммунолог, профессор Алессандро Сеттенин жетекчилиги менен иликтөө жүргүзүшкөн, Сан-Диегодо жайгашкан Калифорния университетинин иммунология  институтунун окумуштуулары аныкташкан (Институт иммунологиялык жана  жана  иммундук системанын ооруларын иликтейт) Бул туурасында Onliner.by порталы билдирди.

Т-клеткалар —лимфоциттердин тиби. Алар организмди вирустан сактай турган өтө маанилүү бөлүгү болуп саналат. Лимфоциттер вирус жуктурган клеткаларды таап чыгышып, жок кылышат. Ошондой эле жаңы антителаларды кантип түзүш керектиги туурасындагы маалыматтарга да ээ. Кокус сиздин организимиңизизге инфекция кире турган болсо, анда иммундук система антителаларды кандай генерация кылса, лимфоциттер да ошондой эле генерация кылат. Ал эми антителелардын деңгээли убакыттын өтүшү менен төмөндөсө, Т-клеткалар организимдин эстутмунда жылдап сакталып, кокус ошол вирус качандыр бир кезде кайрылып келе турган болсо, сөзсүз түрдө кайра жаралат.

Жаңы иликтөөдө, башка коронавирустар менен кантип күрөшүү керектиги Т-клеткалардын эстеринде тураары, андыктан  азыр дүйнөнү буй кылып жаткан жаңы типтеги коронавируска каршы да иммунологиялык атака кылып, “чаңын” чыгараары айтылат.

Алессандро Сеттенин командасы  2015 — жана 2018 — жылдардын аралыгындагы  25 адамдан алынган кандардын үлгүсүн изилдеп чыгышкан.  Алар канда жаңы коронавирусту жана дагы төрт типтеги суук тийүүнүн коронавирустарын тааный турган Т-клеткалардын бар экенин аныкташкан. Алар АКШ, Нидерланддар, Гонконг, Сингапур жана Улуу Британиядан алынган маалыматтарды изилдеп көрүшүп, жаңы корорнавирус менен кездешпеген  20% дан 50%ке  чейинки адамдардын тобунун лейкоциттери баары бир COVID-19га каршы реакция жасашат деген тыянакка келишкен. Ушунун негизинде, окумуштуу (Алессандро Сетте) элдердин жалпы популяциясында «мурдагы иммундук реактивдүүлүк» бар деген тыянак чыгарат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button