Спорт

Айсулуу дүйнөлүк рейтингде биринчиликтен түшкөн жок

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) жаңыланган рейтингинде биринчи орунду сактап калды. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтында жазылды.

Жаңы рейтинг Токио Олимпиадасындагы мелдештер жыйынтыкталгандан кийин жарыяланды. Мында Тыныбекова күмүш медалга ээ болгон. Бирок ага карабай 78 упай менен лидерликтен түшкөн жок.

Ал эми финалда жеңишке жеткен атаандашы япониялык Юкако Каваи экинчи сапка көтөрүлдү. Анын чогулткан упайы 68 экени көрсөтүлгөн.

Үчүнчү орунда 44 упай менен украиналык Ирина Коляденко турат.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнүн 62 килограмм салмак категориясында 2019-жылы дүйнө чемпиону болгондон кийин UWW рейтингинде биринчи сапка чккан. Ошондон бери лидерликти бербей келе жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button