Спорт

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 1-орунду сактап калды. Тизме

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунду сактап калды. Жаңыланган рейтинг 19-24-апрелде Улан-Батордо өткөн Азия чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлдү.

Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, күмүш байгеге ээ болуп, 2-орунга ээ болду. Бул жыйынтык ага 94 миң 400 упай топтоп, экинчи болгариялык Тайбе Мустафа Юсеинден айырмачылыкты арттырууга мүмкүндүк берди. Финалда Тыныбекованы жеңген Нонока Озаки 5-орунга көтөрүлдү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button