Афганистанда катуу жер титирөө катталып, кеминде 300дөн ашуун адам каза болду

Афганистанда катуу жер титирөө катталып, анда кеминде 300дөн ашуун адам каза болду. Бул тууралуу  чет элдик басылмалар жазды.

“Афганистандын түштүк-чыгышында катуу жер титиреп, анда кеминде 280 адам каза болуп, 600дөн ашыгы жабыркады. Кырсык таңга жуук элдер уктап жаткан учурда катталган”, – деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү бийлик курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн деп божомолдоодо.

“Жер титирөөнүн очогу Афганистандын түштүк-чыгышындагы Хост шаарынан болжол менен 44 км аралыкта жайгашкан. Жер титирөө 500 км аралыктагы чек арада, анын ичинде Пакистан менен Индияда дагы сезилген”, – деп айтылат маалыматта.