Дүйнө

Америка коронавирус боюнча Кытайды сотко берди. Бүт чыгымдарды төлөсүн дейт

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гэн Шуан билдирүү жасады.

Ал Миссури (АКШ) штатынын Кытайдын үстүнөн сот иштерин баштоо боюнча доо арыз менен кайрылганын шылдың деп айтты. Бул туурасында NUR.KZ жазып чыкты.

Америкалык штат, Кытай коронавирус инфекциясы тууралуу чындыкты жашырып-жаап койгон деп сотко кайылган. Бул туурасында ТАСС билдирди.  Кытайдын сырткы саясат боюнча мекемесинин өкүлү, КЭРди дезинформация боюнча айыптоого эч кандай реалдуу негиз жок деп баса белгиледи. Шуан кытайлык бийликтердин ВОЗго (Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму) илдеттин биринчи эле күнүнөн тартып максималдуу түрдө ачык-айкын маалыматтарды берип турганын айтты. Андан сырткаары КЭРдин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү кытайлык бийликтердин иш-аракети эч кандай америкалык  сот органдарынын юрисдикциясына кирбейт деп эскертти.

Миссури штатынын генпрокурору Эрик Шмитт

Миссури штатынын генпрокурору коронавирус үчүн Кытайды сотко берген. Ал, Кытай өлкөсү адамдардын зыян болгонуна, тарткан азап-тозокторуна жана экономикалык кыйроого кептелгенине байланышкан чыгымдарды кайтарууга милдеттүү деп эсептейт. Америкалык штаттын башкы прокурорунун пикири боюнча КЭР белгисиз жана өлүм алып келүүчү коркунучтуу оорунун бүт дүйнөнү каптап келатканын өз учурунда билдирген эмес дейт.

Эске салсак, дүйнө жүзүндө коронавирустан баарынан көп жабыр тарткан өлкө АКШ: 23-апрелге карата 840 476 адам жугузган, 46 079 киши курман болгон.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button