Дүйнө

Дени сактар түшүнсүн деп, врач коронавирус реанимациясынан видео көрсөттү (видео)

Москванын Филатов ооруканасынын башкы врачы Валерий Вечерко камера  менен реанимация бөлүмүнүн ичин аралап, тартып, андагы бейтаптардын толтура экенин элге ачык көрсөттү. Бул туурасында  24-апрелде Pravda.ru жазып чыкты.  

Демейде, жайчылыкта, мындайды тартканы үчүн медперсоналды эч ким чекесинен сылабайт. Айрыкча начальство. Бирок, азыр этикетти бузган үчүн күнөөлөчү учур эмес – башкы максат пандемиянын чабуулун токтотуп, адамдардын  өмүрүн сактап калуу. Өзгөчө, бул коркунучту бирөөлөрдүн “орунсуз тамашасы” катары көрүп ишенбей жүргөндөрдүн, же болбосо муну “арадай жерге чарадай жыйын кургандык” деп, мурдун чүйрүп жактырбагандардын да өмүрүн кошо сактоо үчүн.

Кадр артындагы үн — Валерий Вечерконун өзүнүкү. Ал Россияда коронавирс канчалык “жашарып” кеткенин айтып, азырынча дени сактарды реанимациянын бейтабы болуп калбаш үчүн, бул илдетке өтө олутту мамиле кылууга чакырды.

“Бейтаптар күн санап көбөйгөндөн көбөйүп жатат. Айрыкча жаштар, кырктын тегерегиндегилер. Аларды өтө оор абалда алып келип жатышат”, — деди врач.

Муну жуктуруп албоонун жана ушундай оор абалдагы илдетке чалдыкпоонун бир гана жолу бар – бар болгону изоляциялоонун шартынан чыкпоо, деп дагы бир ирээт эсертти. Кокус кандайдыр бир симптомдор болуп калса, токтоосуз врачка  кайрылуу керектигин айтты.

https://youtu.be/doK0wNUI7PI

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button