Тишти агартуунун эң жөнөкөй ыкмалары

Ар бир адам тишинин аппак болуусун каалайт эмеспи. Дарыканаларда тишти агартуучу ар кандай каражаттар сатылат жана ошондой эле тиш жуучу пасталар да бар. Тилекке каршы тишти агартуучу каражаттардын көпчүлүгү тиштин эмалын бузуп, тишти сезгентип жана алсыз кылат. Мындай учурда табигый ыкма менен үй шартында тишке кам көрсө болот.
Тишти агартууда ашкана содасын колдонсо болот. Ашкана содасы табигый агартуучу каражат болуп эсептелет. Бул каражаттын пайдасы зор. Анткени эмаль соданы өзүнө сиңирип алып, тиштеги сары тактарды кетирет.
Соданы кантип колдонуу керек?
Ашкана содасын тиш пастасы сыяктуу колдонсо болот. Чоң ашкана кашыгына салынган содага кичине суу тамчылатат, ал коюу аралашма тиш пастасы сыяктуу болуп калат. Бул аралашманын жардамы менен тишиңизди жууңуз. Тишти жууп жатканда аралашманы жутуп албаңыз. Тишке сода аралашмасын он минут да коюп койсонуз болот. Оозуңузду жылуу суу менен чайкаңыз, беш минут күтүп туруп кадимки эле тиш пастасы менен артынан жууңуз. Ашкана содасын тиш пастасы менен аралаштырып колдонсоңуз да болот. Кичине көлөмдө тиш пастасын жана соданы аралаштырыңыз. Бул аралашма менен тишиңизди жууңуз. Андан кийин оозуңузду жылуу суу менен жууңуз. Мындай ыкма тишти агартууда таасирдүү жана узак убакытка чейин колдонсоңуз болот.
Биринчи ыкма көп убакытты талап кылат. Бирок жыйынтыгы жакшы. Бул ыкманы бир жумада бир жолу гана колдонот. Ал эми экинчи ыкманы болсо бир жумада эки-үч жолу колдонгонго болот. Буга убакыт аз талап кылынат.
Андан тышкары тишти өзүнүн калыбында же катуу кылып кармагыңыз келсе, 100 грамм жылуу сууга 1 чай кашык тузду салып оозуңузду күндө чайкап турсаңыз сиз күткөн жыйынтыкты берет. «Кочкор тузу» деп аталган кадимки эле кара туз менен да чайкасаңыз тишиңизге кариес түшпөйт жана бекем болот.
Abal.kg



