Пайдалуу кеңештер

Муздаткычта кайсы азыкты көпкө сактабаш керек, билип алыңыз

Муздаткычтын тоңдургучуна эт азыктарын, балмуздак, балык, сүт азыктарын, жер-жемиштерди кантип туура сактоо керектигин көпчүлүк биле бербесе керек.

Андыктан тоңдургучта тоңуп турган азыктарыңызга көңүл  буруңуз.
Негизи муздаткычта тоңдурулуп турган азыктар  бузулбайт. Бирок ошол азыкты көп убакыт тоңдуруп сактай берсе, убакыттын өтүшү менен алар пайдалуу касиеттерин жоготот.

Кайсыл азыктар тоңдургучта узак сакталарын билип алыңыз:
Эт
Бардык жандыктардын эти, мисалы, уйдун, койдун, жылкынын эттери муздаткычта бир жылга чейин тоңдуруп сактаса болот. Ал эми тооктун, үндүктүн, дегеле канаттуулардын эти тогуз айга чейин гана сакталат. Тууралган эттер, (фарш)  төрт айга чейин касиетин жоготпойт.

Балык
Майлуу эмес балыктар тоңдургучта алты ай гана сакталат, ал эми майлуу балыктарды 3 ай гана сактаса болот. Консервацияланган балыктарды тоңдургучка 2 айдан ашык сактаганга болбойт.

Сүт азыктары
Сары май тоңдургучка 9 айга чейин сакталат. Сүт – 6 ай, балмуздак – 2 ай, быштакты бир айдан ашыгыраак сактаса болот.

Жер-жемиштер
Негизи жемиштер тоңдургучта бир жыл бою  өзүнүн витаминдерин, пайдалуу касиеттерин сактай алат. Алардын тоңдургучтагы мөөнөтү 12 ай. Ал эми жемиштердин арасынан цитрус – апельсин, мандарин, лимон, анар сыяктууларды муздаткычта 3 айдан ашык тоңдурганга болбойт.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button